// //

“Айыл Банк” баткендиктердин насыяларын кечет жана мөөнөттөрүн узартат

2022.12.14, 12:08
387

13-16-декабрь күндөрү “Айыл Банктын” кызматкерлери Баткен облусунда жумушчу сапарда болушат.

Банкка 14-18-сентябрь күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагалышуудан кийин аймактагы насыя алып, жабыркаган жарандардан кайрылуулар келүүдө. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жөнүндөгү тапшырмасы бар.

Баткен боюнча быйылкы жылы жалпысынан 4 485 адам (1 млрд 513 млн.) насыя алган.

Кагылышууда жабыркап, мындан улам Банкка кайрылгандардын реалдуу саны - 72 адам.

Бүгүнкү күндө 42 адамдын арызы каралып, Банк тарабынан алардын насыялары (16 млн 584 354 сом) кечирилди.

Калган арыздар каралууда.

Жалпысынан Банк каза болгондордун кара кагазынын, тонолгон, өрттөлгөн, талкаланган мүлктөрү үчүн ӨКМдин, ИИМдин корутундуларынын негизинде насыяларды кечет жана мөөнөттөрүн узартат. Бул документтер факт жүзүндө болууга тийиш.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт