// //

Жигит жандагысы келген кыздар, менин бул 5 катамды кайталабагыла

2022.12.12, 15:05
8690

Салам, достор! Биздин редакцияга окурмандардан ар кандай баяндар келип түшөт. Аларды үзгүлтүксүз жарыялап турабыз. Бүгүн бул кат көңүлүбүздү бурду. Жаш кыз жигити менен сүйлөшө баштагандан бери кандай ката кетиргенин айтып бериптир. Анда эмесе, кеп башынан болсун. 

Жигитим деп эле жашап калдым

Эртең менен туруп алып дароо телефонумду карайм, сабакта да аны ойлойм, дароо жооп бербесе кыжалат болом... Мен анын каттарын эле күтүп, качан чалат деп эле жашап калдым. Жолугалы деп сурана бергенимди эстегим да келбейт. Мен анын көзүн караган сайын, ал менден алыстай баштады. Бир күнү "улам сени көрө берип тажап кеттим" деди. Өз жашоомду унутуп, башка адамга сүңгүп кирип кеткеним биринчи катам болду.

Өздүк баам түшө баштады

Мен өтө арык кызмын. Жигитим эмнегедир бул тууралуу көп эскертчү болду. Менин көзүмчө эле спорт менен машыккан кыздардын сүрөтүн карап, ушундай болбойсуңбу деп, атүгүл спортзалдардын аккаунтун жөнөтчү болду. Мурда жакшы жүргөн жаным, ооруй баштадым. Өзүмдү сулуу сезбей, өздүк баам түштү. Бирөөгө артыкчылыгымды басынтканга уруксат бергеним экинчи катам болду.

Жигити жок калгандан корктум

Курбуларымдын баарынын жигити бар. Эгер муну менен мамилемди токтотсом жалгыз калам. Мени эч ким карабайт экен деп ойлошот. Бирок, жигит деген эле аты болбосо, мен анын жанында өзүмдү жалгыз сезчүмүн. Мырзалардын сапаты сөз менен эмес, иш менен аныкталарын түшүндүм. Эгер адам сени чындап сүйсө, ал сени жалгыз калтырбайт. Ал эми эркектин жанында өзүңүздү төмөн сезгениңде, бул мамилени үзгөнүң оң экен. Бул менин үчүнчү катам болду. 

Отчет бере баштадым

"Кайда жүрөсүң?", "Ким менен жүрөсүң?", "Барбайсың!" ж.б. Менин жашоомдо көзөмөл башталды. Мен ага отчет берип, бир жакка барууга уруксат сурачу болдум. Ал каалагандай адам болууга аракет кылып, өз каалоолорумду унуттум. Ички туюмум бул туура эмес экенин айтып жатты. Бирок мен аны укпадым. Ал мени башкара турганын айтканда да унчукпадым. Бул зордук-зомбулук экенин эске албадым. Төртүнчү катам ушундай болду. 

Чындыкты кабыл алгым келбеди

Бир нерсе туура эмес болуп жатканын билем, бирок чындыкты кабыл албадым. Психологго барбадым, жакын адамдардан кеңеш сурадабым. Чүнчүп кеттим. Мен жигитимдин куурчагына айландым. Бул менин адамым эмес экенин түшүндүм. Бирок мамилени үзгөндөн корктум. Бешинчи катам...

Азыр мен бойдокмун. Модель болуп иштейм. Өздүк баам жогору. Өзүмдү кабыл алдым. Айланамды тазаладым. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт