Гарвард жана башка дүйнөлүк ири окуу жайлардын акысыз курстары
Салам, достор! Кыргызстанда туруп, Гарвард сыяктуу окуу жайларда окугуңуз келеби? Бирок, тыйын жагынан кыйналып турасызбы? Эч кабатыр болбоңуз, бүгүн биз дүйнөдөгү престиждүү университеттердин акысыз курстарын сунуштайбыз.
Гарвард университетинин акысыз курстары
Гарвард университетинин акысыз онлайн курстары - студенттер, мугалимдер, профессорлор, орто деңгээлдеги адистер, IT адистери, дарыгерлер жана деги эле, ар кыл темаларды бекер үйрөнүүнү каалагандар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Курсту аяктагандан кийин сиз резюмеңизде колдоно ала турган сертификат аласыз.
Массачусетс технологиялык институтунун акысыз курстары
Массачусетс технологиялык институту кинематографиядан ишкердикке чейинки акысыз курстардын чоң тандоосун сунуштайт. Сайттан сиз каалаган тема боюнча көптөгөн курстарды таба аласыз жана өзүңүзгө жаккан нерсени тандайсыз!
Стэнфорд университетинин акысыз курстары
АКШдагы престиждүү университеттеринин бири болгон Стэнфорд университети онлайн режиминде акысыз курстарды сунуштайт. Бул курстар толугу менен акысыз болсо да, аны аяктагандан кийин расмий сертификат алууну каалаган студенттерден белгилүү бир төлөм талап кылат.
Йель университетинин акысыз курстары
Йель университети студенттер жана адистер үчүн акысыз онлайн курстарын сунуштайт. Бул курсту аяктагандан кийин ала турган көндүмдөр жөнүндө толук маалыматтты сайтынан биле аласыз.
Окууга даярсызбы?