// //

Ажырашпай туруп үйлөнүп, качып жүргөн күйөөмө кандай чара көрө алам?

2022.10.07, 09:53
4696

Үйдөгү мүлктөрдү жашыруун сатып, ажырашпай туруп үйлөнүп, качып жүргөн күйөөмө кандай аракеттерди кыла алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.10.2022, 10:04

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Биздин мыйзамдарга ылайык эркектер эки же андан көп аял алып, алар менен чогуу чарба жүргүзүп жашаса жазага тартылат, КР Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси боюнча.

Бирок, эки аялы менен эки башка үйдө жашап, же биринчиси менен никесин мыйзымдуу буздурбай туруп башка аялга нике кыйдырып алса, буга мамлекет тараптан чара каралган эмес.
Андыктан, бул жерде эмне кылышты өзүңүз чечесиз.

Мүлктөр боюнча айта турган болсок - бул мүлктүн көлөмүнө жараша болот. Сиздин жеке кымбат баалуу буюмуңузду сатып салса - милицияга кайрыласыз. Майда-чүйдө буюмду сатса участковыйга кайрылсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт