// //

Акчаны эмес, көңүлүңө жаккан жумуш тандасаң бактылуу болосуң. Бизнесменден кеңеш

2022.03.19, 17:53
1690

Жарандарыбызды Германияга иштегенге же окуганга жиберген IWEX компаниясынын негиздөөчүсү Нурдин Шейшенов ийгилик сырлары менен бөлүштү. Видеону ютуб каналыбыздан көрө аласыз. 

Акчага караба

Акча алып келе турган эмес, көңүлүнө жага турган жумуш менен алектен. Ооба, жакпаган иш болсо дагы акча табышың мүмкүн, бирок башыңа кандайдыр бир кыйынчылык түшкөндө, ал бизнести таштап коюшуң мүмкүн. 

Фокусту бир жерге кой

Фокусту бир жерге кой. Мисалы, менден эмнеге Германиядан башка мамлекетти албаганымды сурашат. Мен бир тармакты тандап, анын майын чыгарып жасоо керек деп эсептейм. 

Максат коюу керек

Кичинебизде баарыбыз эле чүкө, наклейка, карточка ойногонбуз. Мен ойноп жатканда утканга караганда, саткандан ырахат алчумун. 5-класста байлардын балдары окуган мектепке көчтүм. Бардык балдарда компьютер бар болчу. Ошондо, мен дагы алам деп, коен багып сатып акча чогулткам. Максат коюп ага умтулса, баарына жетсе болот. 

Конкуренттер өстүрөт

Конкуренттин дагы түрлөрү бар: жакшысы, ортосу, жаманы дегендей. Албетте, иш-чараларда конкуренттер менен жолугуп, маектешип калабыз. Конкуренция туура болушу керек. Эгер конкуренттер жок болсо, компаниям мынчалык деңгээлге өспөйт болчу. Алардын жакшы тарабын көрүп, кой мен дагы өсөйүн дедим. Атаандашпай, туура үлгү алганды билиш керек.

Жоопкерчиликтүү бол

Мен адамдардын өмүрү менен иштейм. Германияга жөнөтүп жатканда ар бирөө аман-эсен келсе экен деп тиленем. Жумушуңа жоопкерчиликтүү болсоң гана, анын үзүрүн көрө аласың.  

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт