// //

Ата-энем мындай кылбаганда сүйгөнүм менен бактылуу болмокмун

2022.02.04, 13:16
10358
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Сени сүйдүм, сүйүп келем, дагы эле сүйөм, мен үчүн идеалдуу жалтыраган кристаллдай сезилесиң. Көптү билген, билимдүү, оорду менен сүйлөгөн, жаман жагы жок, кудум эле тунук жалтыраган кристаллдай сезем. Мүмкүн экөөбүз бир үй-бүлө болгондо эң идеалдуу үй-бүлө болмокпуз.
 
1-курста окуп жүргөндө группалаш кызым байкеси менен тааныштырды, аты Арген. Башында маани берип деле сүйлөшкөн жокпуз. Кээде, анда-санда жазып акыбал сурашып койчубуз. Ал Кореяда иштечү. Анын Кореяда жүргөнүнө эле кызыкчумун. Кантип жүрөт, кандай шаар, эмне иш менен алектенет ж.б. Бар оюм эле ошондой чоң шаарга, башка мамлекетке баруу. Кантип барсам болот деген эле суроо.

Билинбей экөөбүз көп жазышып, көп сүйлөшүп баштадык. Бири-бирибизге болгон сезимдер да ойгонду. Мен аны дайыма өзүмдөн жогору коюп тил билген, билимдүү инсан катары кабыл алдым. "Сен окууңду бүт", "жакшы оку", "билим ал", "кесиптин ээси бол", "окууңду бүткөндө үйлөнөбүз", "сага Кореяны көрсөтөм" дечү. 
Каникул башталып мен айылга карай бет алдым. Ак жол каалап бир өтүнүч айтты. Балким бул ою менен менин ага болгон сезимимди текшергиси келдиби билбейм. 
 
- Менин айылымдан өтүп жатканда менден салам айтып, бир учурларда уулуңду ээрчип ушул жерге келин болуп келем деп айта кет.
 
-Макулмун.
 
Чындап эле ошол айылдан өтүп жатып өтүнүчүн аткардым. "Сага алыста жүргөн уулуңдан салам, бир кездерде, бир учурларда уулуңду ээрчип, ак жолугумду салынып ушул жерге келин болуп келем күткүң" деп айтып, өзүмдү ошол күндөгүдөй элестетип өттүм.

Айылда аба салкын, ата-энемдин жанында эркелеп жүргөн күндөрүмдө, "тиги кыз шаардан окуудан келиптир, карасаң татынакай кыз болуптур" деген шыбыр-шыбыр кептер. Биринин артынан бири келген жуучулар.

Тууганы, кошунасы, тааныштары деле келип жатты. Көк беттенип эч бирине макулдугумду берген жокмун. "Кызды базары кызыган учурда бериш керек" деген кеңешчилер да болду.

Мен өзүмдү Аргенден башка эч кимге кыйбайм, ага болгон сезимимди, сыйымды, мамилемди жоготкум келбейт.
Болгону 18 жаштамын. Ата-энем келген жуучулардан бат таратып жатып чарчады. "Деги кимге тиесиң? Тааныбаган бирөөнө тийип, бизден алыс кетип каласың. Биз сага жамандык каалаган жокпуз. Тиги жакшы бала, ата-энеси дагы жакшы адамдар" деп жатып таанышууга көндүрүүгө аракет жасашты. 
 
Макулдугумду бербей өжөрлөнүп жүрдүм. Бирок эч тынчтык бербеген жуучулардан кутулуу үчүн бир чечимге келүү керек болду. Ошентип ата-энем тандаган бала менен жоолугуп, таанышчу күн келди.
 
Менден 8-9 жаш улуу экен. Кебетесине, сөзүнө көңүл деле бурган жокмун. Макулдугумду бербей кайттым, бирок баары мен ойлогондой болгон жок. Ата-энем макулдугун берип, мени ал үй-бүлөгө туулган күнүмдө узатмак болушту.
 
Баарынан кыйыны Арген менен коштошуу болду. Бири-бирибизди кыйбай күндө ыйлайбыз. Эртең той болот деген күнү мага чалып куттуктады. Көзүмдөн жашым токтогон жок. 

Жолдошум сабырдуу, билимдүү, келишимдүү жигит болуп чыкты. Кбакыттын өтүшү менен бири-бирибизге болгон сүйүүбүз ойгонуп жакшы мамиледе болдук. Арадан билинбей 5 жыл өттү, учурда мотурайган 2 уулубуз бар.
Бирок... Жүрөгүмдө айыкпаган жаратым бар. Арген эсиме түшсө эле жаратым жаңылангандай сыйрылат. Дагы деле эстейм, сагынам, мен үчүн бир идеалдуу адамдай сезилет, элесин көрбөсөм да, сагынам.

Инстаграм баракчасына кирип дайыма карайм. Үйлөнгөнүн көрүп жубайына кыя албай кызгандым.

Коштошконубуздан бери 5 жыл өттү. Балким ал мени унуткандыр, мага болгон сүйүүсүн жубайына арнап, балким бактылуу. Мен да бактылуу жубай, мээримдүү энемин. Балдарыма, жолдошума деген жүрөгүмдө сүйүүм бар.
 
Жүрөгүмдүн бир бурчунда сынган кристалл сыяктуу сүйүүм бар. Ал сенсин Арген. Куса кетпеген, унутулбаган, тынчтык бербеген күндө инстаграмыңды текшерген сынык кристалл. Сенин айылыңдан өткөн сайын жүрөгүмдөгү сынык кристалл туйлап-туйлап кетет. Аргендин айылы, балким карааны көрүнүп калабы деп...
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт