Сулуу кызым "семизмин", "килейгенмин" дей берет. Кантип жардам берсем болот?
Саламатсызбы! Менин кызым 18 жашта. Ал сулуу, узун бойлуу, акылдуу. Университетте 2-курста окуйт. Бирок, ар дайым жалгыз жүрөт. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Ар дайым өзүнө нааразы: семизмин, килейгенмин,, сулуу эмесмин ж.б. Чынында ал абдан сулуу. Кантип жардам берсем болот?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Кутмандуу күнүңүз менен!
Бул жерде сиз бир гана нерсе кыла аласыз. Кызыңыз менен өзүңүздүн ичиңизде болуп жаткан сезимдериңизди бөлүшүңүз. Ал өзгөрүүнү каалайбы, кандайдыр бир жардамга муктажбы сураңыз. Кызыңызга өзүнө болгон баасы менен байланышкан көйгөйлөрдү чечкен адис издөө сунушун дагы айтып көрсөңүз болот.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.