Үйдүн улуусу болгондуктан баардык түйшүк менде, мен ага милдеттүүмүнбү?
- Мен 23 жаштамын. Алты бир туугандын улуусумун, 4 иним, бир сиңдим бар. Атам жаш кезинен арак ичкендиктен, апам жалгыз бизди багам деп жашоодон көп кыйналган. Атамдын бир туугандары апамды жана бизди аябай басынтышат. Атамдын улуу эжеси бизге чоң энебиздей болуп калган. Ал дагы бир туугандарын ойлоп, турмушка чыкпай жалгыз бой калган. Азыр 70 жашта, өмүр бою чоң кызматтарда иштеп баардык туугандарын акча менен камсыздап келген. Бирок ошентсе да атаң ичет, апаң жинди” деп мени чүнчүтө берет. Ооба менин окуумдун акчасын төлөп, мени тамак аш, кийим менен камсыздап келет. Бирок ач кулактан тынч кулак дегендей, туугандарымдан алыс жашагым келет. Бирок бир туугандарымды ойлоп аргасыз чыдаганга туура келип жатат. Айтыңызчы, атамдын эжеси да убагында бир туугандарын ойлоп жеке жашоосун курмандыкка чалган. Азыр аны акчасына эле карап жакшы көрүшөт, ал эми ичинен баары жектейт. Мен дагы карыганда ушинтип калбаймынбы? Анткени өзүм студент болсом да окуудан тышкары иштеп, бир туугандарыма, ата-энеме акча салганга эжем баш болуп туугандарым сен милдеттүүсүң дешет. Ушул туурабы?
Чынара Термечикова
“Данакер” үй-бүлөөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог
Сен жашооңдо эч кимге милдеттүү эмессиң. Туура ата-энең сага жашоо беришти, албетте аларга каралашып турганың туура болот. Сен өз бактың, келечегиң жөнүндө да ойлошуң керек. Эгерде атаңдын эжеси силерге акчалай жардам берип жатса, бул анын жеке иши, бергиси келсе берсин, бирок берген акчасын милдет кылганы туура эмес. Сен улуусу катарында эле баарын багып жардамдашканга милдеттүү эмессиң. Бөбөктөрүң алар сенин балдарың эмес. Алар жөнүндө ата-энең кам көрүшү керек. Атаңдын арак ичкени бул, кээ бир үй-бүлөөлөрдүкүндөй көйгөй. Кээде бир нерсени өзгөртө албасаң, ал нерсеге болгон мамилеңди гана өзгөртүү менен өзүңдүн акбалыңды жеңилдетсең болот. Ошондой эле ата-энең психологдун кеңешине келүүгө макул болсо жакшы болот. Алар өзүнүн жүрүм-турумун түшүнүп калса, албетте сага жеңилирээк болмок.