Сабак окугум келбейт
Мен учурда 10-класста окуйм. Мектептен үйрөткөн темалардын көбүн унутуп калам жана сабак окуганга көңүлүм жок. Эмне кылсам болот?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Баш айлануу, эс тутум начарлоо бул аз кандуулуктун белгилери. Учурда Кыргызстан жаштарынын көбү аз кандуулук-анемия оорусу менен оорушат. Себептери абдан көп. Мисалы көп балалуу энелерден балдарына өтөт. Жетиштүү тамактанбагандыктан, кыздарда салмактан арылуу үчүн кармаган диетадан улам пайда болот. Ошондой эле сизде богок оорусу, калкан бездериңизде көйгөй бар болушу мүмкүн. Андыктан бейтапканага барып, дарыгерге кайрылыңыз. Каныңыздын анализдерин тапшырып, калкан безиңизди текшертип дарылануу курсунан өтөсүз. Жаш экенсиз, ден-соолугуңузду бат эле калыбына келтирип аласыз.