Аскер билетин кантип алам?
Мен медициналык колледжде, тиш доктур кесибинде окуйм. Окууну бүткөндөн кийин 3 ай санитардык бөлүккө иштеп, аскер билетин аласыңар дейт. Ушул чынбы жана аскер билетин кантип алса болот?
Нуржанат Алмазбеков
Аскердик эсепке алуу боюнча инспектор
Оба, сиз окууңузду бүткөндөн кийин 3 ай санитардык бөлүктө иштейсиз. Окуу жайыңыз сиз катталган РВКга окууну бүттү деген делону жиберет. Сиз паспортуңузду, 3*4 өлчөмүндөгү сүрөтүңүздү жана айыл өкмөтүнөн үй-бүлөңүз туралуу маалымкат алып, жашаган жериңиздин аскер комиссариатына барасыз. 400 сом төлөп, аскер билетин аласыз. Эркек балдарга аскер билети жөн берилбейт. Сиз армияда кызмат өтөшүңүз же жүйөлүү себептер бар болсо алтернативдик кызматтарды тандооңуз керек болот.