Каалаган университетиме тапшыра албадым
Мен 2017-жылы мектепти аяктагам. Шартка байланыштуу өзүм каалаган Бишкек шаарындагы Кыргыз-Кувейт Университетине тапшыра алган жокмун. ЖРТ 146, Тарых 79 болгон. Оштогу филология факультетинин, орус тили бөлүмүнө тапшыргам. Биринчи курсту бүткөндөн кийин, кайра Кыргыз-Кувейт университетине тапшыра аламбы?
Суроого жооп Чыгыш университетинен алынды
Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде орус тили филологиясы факультети жок. Бирок араб тили филологиясы жана башка адистиктер боюнча факультеттер бар. Кайра тапшырсаңыз болот. Бирок биринчи курска олтурасыз. Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы бир жылга жарайт. Демек, кайрадан тестирлөөдөн өтүшүңүз керек болот. Университетте бюджеттик орундар каралган эмес, окутуу контрактык негизде жүргүзүлөт.