// //

Үнүм жок. Бирок ырдагым келет.

2018.01.23, 11:14
1999

Жакында тогузунчу классты бүтөм. Музыкадан башка эч нерсеге кызыкпайм. Бирок аспаптарда ойной албайм, үнүм дагы жок. Келечекте музыка тармагында иштөөнү абдан кыялданам. Кайсы кесипти тандасам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2018, 08:59

Наргиза Ташибаева 

Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын мүдүр орун басары  

 

Музыкага кызыксаңыз биздин окуу жайга келиңиз. Өз ишин мыкты билген кесипкөй мугалимдерибиз үнүңүздү, музыкалык угууңузду(слухуңузду), эс тутумуңузду жана ритмди текшерип беришет. Кааласаңыз азыр деле келсеңиз болот, өзүңүзгө өтөм, же өтпөйм деп бир чечим чыгарып аласыз. Кызыгууңуз болсо абдан жакшы. Билинбегени менен кыйын чыга турган үндөр болот. Бизде музыкага угуусу жок бир бала окуп кеткен. Азыр ал Флоренцияда окуйт. Демек, угууну таптаса болот, эч кандай тоскоолдук жок. Окуу программабыз бюджет жана контрактын негизинде. Турмуш шарттарына карап жатакана беребиз. Жалаң бешке окусаңыз стипендия аласыз. Андыктан чечим өз колуңузда.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт