Күйөөм нике кагазыбызды өрттөп салган. Кантип ажырашсам болот?
Мен биринчи жолдошум менен жашабай калганыма 12 жыл болду, бирок ЗАГС кыркыла элек. Сотко арыз менен кайрылсам канча убакытта чечип берет? Анан дагы нике кагазымды жолдошум өрттөп салган. Бул жагы кандай болот?
Шохсанам Умаркулова
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы, урматтуу окурман!
Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктунда “Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскирип жыртылганда, ламинирленгенде, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда, арыз ээси кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан кайрадан берилет” деп көрсөтүлгөн.
Ошондуктан, сиз кайсыл орган тарабынан жарандык абалынын актыларын каттоо бөлүмүнөн нике күбөлүгүн алган болсоңуз, ошол жерден нике күбөлүгүн кайрадан “кайталанган” кылып алып, ошол күбөлүктүн негизинде жоопкердин жашаган жери боюнча сотко кайрылууңуз керек.
Жоопкердин жашаган жери сизге белгисиз болсо, анда жоопкердин акыркы жашаган жери боюнча кайрылсаңыз болот. Эгерде сиздин жашы жетпеген балдарыңыз болсо, мындай учурда өзүңүз жашаган жериниз боюнча сотко кайрылууңуз керек.
Эгер никени бузууга эки тарап тең макул болсо, сот арызды кабыл алгандан баштап, соттук териштирүү 3(үч) айга чейин созулушу мүмкүн. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинини “Соттук териштирүү” деген бөлүмүндө айтылган “Жарандык иштер арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет, бул мөөнөткө, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ишти соттук териштирүүгө даярдоонун, иш боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү кирет.”
Бир тарап же жоопкер никени бузууга каршы болсо, анда соттук териштирүүлөр 7 айга чейин созулуп кетиши мүмкүн.