Жатынымдын өлчөмү кичине экен. Мен кош бойлуу боло аламбы?
2021.08.04, 14:33
1339
Саламатсызбы! Менин жашым 25те, турмушка чыккам. УЗИге түшсөм жатынымдын өлчөмү кичине экенин айтышты. Эми боюмда болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.08.2021, 14:35
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Кутман күнүңүз менен! Эгерде этек кириңиз үзгүлтүксүз, 11-14 жаштан баштап кечигүүсүз келип турса, оорутпаса, өлчөмү өтө көп эмес жана таптакыр аз эмес болсо, анда тынчсызданууга негиз жок. Бул жөн эле ар кандай өлчөм жана эч кандай көйгөй эмес. Жогорудагылардын бирөөсү таааныш болсо, анда текшерүүдөн өтүү зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот
0
Пайдалуу жооп