// //

Этек кир келгенде прокладка колдонгон жакшыбы же чүпөрөкпү?

2021.07.29, 16:17
12861

Мындан көп жыл мурун, аялдар этек кир учурунда чүпүрөк колдонууга мажбур болушкан. Кийин прокладка ойлоп табылып, жашоо жеңил болуп калды. Анткени менен чоң энелер үйрөткөн ыкмадан баш тарта элек кыздарыбыз бар.

Этек кири биринчи жолу келген кыздар керектүү каражаттарды тандоодо апасынын кеңешин угат. Айрым кыздарыбыз апасына айтуудан уялып, ишти өз алдынча бүтүргөнгө аракет кылат. Дүкөндөн кандай прокладка алышты билбей, колуна тийген кездемени коёт. Ошондой эле кээ бир апалар гигиеналык каражат үчүн ай сайын акча коротуудан баш тартып, кызына “чүпөрөк эле коюп ал” дейт.

Биз акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова менен айыз учурунда чүпөрөк колдонгон жакшыбы же прокладкабы билип көрдүк.

Текшерүүдөн өткөн-чүпөрөк

Ар бир кыз өз мүмкүнчүлүгүнө жана ыңгайына карап гигиеналык каражаттарды тандайт. Эгерде сиз чүпөрөк десеңиз, төмөнкүлөр эсиңизде болсун:

  • Пахтадан жасалганын колдонуңуз.
  • Синтетикалык кездемеден качыңыз.
  • Гигроскоптук (өзүнө ным тартуучу) марли мыкты тандоо.
  • Ар бир 3-4 саатта алмаштырып туруңуз, болбосо бактериялар көбөйүп кандидоз сыяктуу ооруларды чакырат.
  • Сапаты төмөн чүпөрөк сезгенүүнү пайда кылаарын билиңиз.
  • Колдонулган кездемени дароо самын менен жылуу сууда жууңуз.
  • Колдонор алдында үтүктөөнү унутпаңыз.
  • Тез-тез даарат алып турууңуз.

Ыңгайлуу-прокладка

Жаштардын көбү чүпөрөк ыңгайсыз деп прокладка колдонушат. Эгерде сиз дагы ушинтип ойлосоңуз, анда буларды билиңиз:

  • Тандоодо ароматизатору жогун алыңыз. Себеби жыттуулары аллергияны козгойт.
  • Өтө арзандарын колдонуудан качыңыз.
  • Алып жатканда мөөнөтүнө көңүл буруңуз.
  • Базардан, ачык жайлардан сатып албаңыз.
  • Ар бир 3-4 саатта алмаштырып туруңуз.
  • Прокладканы алмаштырып жатканда, гигиеналык салфетканы колдонуңуз же даарат алыңыз.

Прокладка тандоодо көңүл буруу керек:

  • Аялдын жашына
  • Этек кирдин келген өлчөмүнө
  • Каражат колдонула турган убакытка (күндүзү же түндө)
  • Бекемделүүчү ыкмасына
  • Жасалган материалына.

Кайсы гигиеналык каражатты колдонууну өзүңүз тандайсыз. Болгону айыз учурунда инфекциялар өрчүп кетпеши үчүн күнүнө 2-3 ирет даарат алып туруңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт