Баламдын тонун кол менен алышкан. Кийинки төрөтүмдө дагы ошондой болобу?
Саламатсызбы! Төрөгөнүмдөн кийин баламдын тону түшпөй калган. Анан наркоз сайып кол менен алышкан эле. Ошондо кийинки төрөтүмдө дагы тону кол менен алынабы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Тилекке каршы, кийинки кош бойлуулугуңузда эмне болоорун алдын ала айта албайбыз. Ошентсе дагы, профилактикалык иш-чаралар бар. Мисалы, кийинки кош бойлуулукту 3 жылдан эрте пландаштырбаңыз. Боюңузда болгондон кийин убагында текшерилип, анализдерди тапшырып туруңуз. Жатын ичине салынуучу спиралды 3 жыл колдонбой туруңуз. Гинекологго барып, башка коргонуу каражаттарын жаздырып алыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.