Кайын эжемдер баламды талашып жатышат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин 4 айлык балам бар. Баламды күйөөмө бербей өзүм карайын дегем. Эки айдан бери бөлөк жашап жатабыз, балам менде. Кайын эжемдер баламды талашып жатышат. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык ата-эненин укугу бирдей каралган. Эгер күйөөңүз аталык укугунан ажыратылган эмес болсо, баланын психикасына, өсүп-өнүгүүсүнө терс таасир тийгизбесе, анда баласын көрүп, тарбиясына катышууга укугу бар. Бул укуктардан сот гана ажырата алат. Ал эми ажыратуу үчүн негиз болуш керек. Эгер күйөөңүз менен бир келишимге келе албай жатсаңар, баланын жашаган ордун аныктап брүү боюнча сотко кайрылыңыз.