Бештеги кызымды чүчөктөн арылтам деп дары сүйкөсөм, чочосу ачышып жатат
Саламатсызбы! Беш жаштагы кызым чүчөк болгон. Тамекинин күлү менен вазелинди аралаштырып сүйкөгөм. Эми чочосу ачышып жатат. Эмне кылсам болот?
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Ата-энелерге айтарым, эч качан андай кылганга болбойт! Учурда чүчөккө каршы дарылар толтура, таасирлери жакшы. Баалары дагы арзан, мисалы, 10-15 сом. Анан ден соолук үчүн кооптуу методдорду жасаганыңыз туура эмес. Сөзсүз балдар гинекологуна алып барып көрсөтүңүз. Чочосунун ачышканы жанагы ыкмаңыздын кесепети. Ошондой эле чүчөк курт түнкүсүн чыгып чочосуна кирет, ошон үчун кызарышы мүмкүн. Тезинен дарыгерге алып барыңыз. Дагы бир жолу айтарым, дарыгердин кеңеши жок, балдардын ден соолугуна терс таасир тие турган методдорду кылбагыла.
Кызыңыз ден соолукта болсун!