Менеджмент факультетине окусам эмне жумуш кылам жана айлыгым канча болот?
Саламатсызбы! Менин суроом төмөнкүдөй, менеджмент факультетине окусам эмне жумуш кылам жана айлык акым канча болот?
Турдукан Бекимбетова
Эл аралык Ала-Тоо университетинин мугалими
Саламатсызбы! Менеджмент биздин өлкөнүн жогорку окуу жайларында пайда болгонуна аз гана убакыт өттү. Ошого карабастан абитуриенттер арасында популярдуулугу күн сайын өсүүдө. Бул адистиктин актуалдуулугун анын көп жактуулугу менен түшүндүрүүгө болот. Менеджменттин түрлөрү абдан көп: СММ, пиар-менеджер, маркетинг ж.б
Бул адистикти тандаган бүтүрүүчүлөр бардык тармактарда иштеп кете алышат: экономикада, бизнесте, өндүрүштө, мамлекеттик тармакта жана коомдук уюмдарда ж.б. Демек, эмгек рыногунда суроо-талабы күчтүү.
Мисалы, бизнес менеджментти алсак, ал өзүнө ишкердүүлүктүн төмөнкү өңүттөрүн камтыйт:
- бизнес түзүү (анын ичинде бизнес план жазуу, тапшырмаларды жана бизнес максаттарды иштеп чыгуу),
- баштапкы капиталды эсептөө,
- финансылык менеджмент,
- маркетингдин негиздери,
- персоналды башкаруу,
- сатуу бөлүмдөрү менен иштөө жана башка көптөгөн нерселер.
Эмгек маянасы дагы абдан жакшы. Баары өзүңүздүн аракетиңизден көз каранды болот.
Кененирээк маалыматты бул жерден алсаңыз болот:
@alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg
0555 820000 (W/App),
info@alatoo.edu.kg,
www.alatoo.edu.kg