Университеттен кантип контракт төлөбөй чыксам болот?
Саламатсызбы! Мен быйыл биринчи курсту аяктайм. Бюджетте окуйм. Университтен чыгайын дедим эле. Бул учурда контракт төлөш керек экен. Ага шартым жок. Кантип контракт төлөбөй чыксам болот?
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майында чыгарган токтомуна ылайык, билим берүү мекемелеринде фармацевтика, медицина жана педагогика адистиктери боюнча бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттер, билим берүү мекемеси жана адисти даярдоого буйрутма берген жумуш берүүчү ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
Ал келишимде эгерде студент тез арада келишимди жокко чыгарып, башка окуу жайга которулууну кааласа анда аны даярдоого кеткен чыгымдарды төлөп берет деп көрсөтүлгөн.
Демек, педагогикалык жана медициналык адистикте билим алып жаткан студенттер башка окуу жайга же контрактык адистикке которулууну чечсе окуган мөөнөтүнүн акчасын төлөп берет.
Бул суроо менен окуу жайыңыздын юристине же жетекчилигине кайрылып көрүңүз. Кээ бир университеттер билим алуу акысын бөлүп төлөө боюнча келишим түзүшөт