Мен 15темин. Эки жылдан бери келип жаткан "выделенияны" кантип дарылайм?
Саламатсызбы! Мен 15 жаштамын. Эки жылдан бери "выделение" келет. Этек кирим келердин алдына көп келет, белим ооруйт. Кантип дарыласам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Сиздин курактагы кыздарда сезгенүү же молочница болушу мүмкүн. Так себебин аныктоо үчүн алгач балдар гинекологуна кайрылыңыз. Мындай көрүнүштү үй шартында дарылаганга болбойт. Кайдыгер мамиле кылып, өтүштүрүп жибербеңиз. Сөзсүз мазокко анализ тапшырыңыз. Коркуп кабатыр болбоңуз, гинекологдор кыз кишиден кантип анализ алуу керектигин жакшы билет. Анализдин жыйынтыгына жараша дарылануу курсун жазып берет.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.