Боюмда бар, күйөөм экөөбүз кадимкидей эле кошулуп жүрөбүз. Балага зыян эмеспи?
Саламатсызбы! Боюмда бар, күйөөм экөөбүз кадимкидей эле кошулуп жатабыз. Кээде жыныстык катнашка бат-баттан барабыз. Ичимдеги балага зыяны жокпу? Өзүмдү жакшы эле сезем, биринчи кош бойлуулугум.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Кош бойлуулук учурунда жыныстык катнаштын регулярдуулугу боюнча эч кандай эрежелер жок. Бойдон түшүп калуу коркунучу же башка патологиялар болгондо гана жыныстык катнашты азайтууну же убактылуу токтотуп турууну сунуштайбыз. Башка жагынан чектөөлөр жок.
Кош бойлуулугуңуз жеңил өтсүн!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Куйоомдун активдуу корсоткучу 3%чыкты балалуу болуш учун активдуулукту которсок болобу?Негизи балалуу боло алабызбы?