Жаңы төрөлгөн уулумдун бир жумурткасы калтасына түшө элек экен. Зыян эмеспи?
2021.03.12, 17:38
1412
Саламатсызбы! Мен жаңы эле уулду болдум эле. Уулумдун бир жумурткасы калтасына түшө элек экен. Дарыгерлер кийин түшүшү мүмкүн дешти. Зыяны жокпу деп кыжалат болуп жатам. Суроомо жооп алсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.03.2021, 17:44
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатсызбы! Көпчүлүк учурда 1,5 жашка чейин жумурткалар калтасына түшөт. Эгер өз ордуна келбесе хирургиялык кийлигишүү керектелет. Операциялардын 90-95%ы ийгиликтүү өтөт. Өз мезгилинде дарылап же операция жасатпаса тукумсуз болуп калат. Балаңызды урологго алып барып көрсөтүп коюңуз. Убагында текшерүүлөрдөн өтүп турсаңыз, баары жакшы болот деген ойдобуз.
Ден соолукта болгула!
0
Пайдалуу жооп