Күйөөм экөөбүз салган үйдү кайын атам каалаганына берем дейт. Мыйзамда кандай?
2021.03.05, 11:52
1580
Саламатсызбы! Менин суроом мындай. Күйөөм экөөбүз үйдүн кичүүсүбүз. Жер кайын атамдын атында, бирок үйдү биз салганбыз. Мыйзам боюнча кимге калат? Кайын атам үйдү кимге кааласа ошого берерин айтып калат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2021, 11:55
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Үй кимдин атына катталганы жоопсуз калган. Кайын атаңыз өз мүлкүн кимге кааласа, ошого өткөрүп берүүгө укуктуу. Бирок, ал кишиге жер эле таандык экендигин эске алуу керек. Демек, жолдошуңуз менен чогуу курган үйдү жубайлардын ортосундагы жалпы мүлк деп эсептөөгө негиз бар. Буюрса жакшы ниет менен курган үйүңөр өзүңөргө эле калат деген ойдомун.
0
Пайдалуу жооп