Гепатит В бойдогу балага өтүшү мүмкүнбү? Адис жооп берет
2021.01.21, 12:55
1698
Суроомо адистен жооп алып бериңиздерчи. Гепатит В кандай жолдор менен жугат? Өбүшкөндө шилекей аркылуу жугушу мүмкүнбү? Төрт айлык боюнда бар. Балага дагы өтүшү мүмкүнбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2021, 14:49
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Кутман күн! Гепатит В биринчи кезекте кан аркылуу жугат.
- Дененин кайсы бир жерин кесип алганда (башка бирөөнүн станогун колдонгондо, операция, кан куюу, стоматолог, гинекологго көрүнгөн учурда, пирсинг тактырганда ж.б.);
- Татуаж (чала тазаланган инстурменттер);
- Энеден балага тон аркылуу;
- Денедеги ар кандай суюктуктар (суюктук шилекей, цереброспиналдык суюктук, урук, кан, лимфа, былжыр болушу мүмкүн) анын ичинде шилекей аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок вирустун концентрациясына (анын кандагы көлөмү) жана реципиенттин иммунитетине (ушул суюктукту алган) көз каранды.
Ошондой эле, энедеги концентрация жогору болсо, ал түйүлдүктүн канында болушу мүмкүн. Мындай баланы педиатр, гепатолог көзөмөлдөп турушу керек. Бирок бул факт эмес, кээде энеде гепатит болуп, балада В гепатитинин антигендери жок болуп чыгат.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп