Богокту операция жолу менен алдыргам, кийин төрөй аламбы?
Мен 22 жаштамын. "Диффузный зоб" деп диагноз коюлган. Үч жылдай ооруп жүрүп, кийин операция жолу менен алдыргам. Бирок көзүм шишип кетип, шишик тарабай калды. Көзүмдү калыбына келтирүү жолдору барбы? Мен блефаропластика жолун колдонуп көрсөмбү деп ойлонуп жаткам. Туура эле кылып жатамбы же мүмкүн эмеспи? Жана турмушка чыксам төрөй аламбы?
Чоң рахмат.
Чолпон Муратова
Эндокринолог
Саламатсызбы! Көздөгү өзгөрүүлөр богок айыккандан кийин дагы калыбына толук келбейт. Азыркы учурда гормондоруңуз нормада болуп жана окулист "эндокринная офтальмопатия" жок деп диагноз койгон болсо, анда блефаропластика жасатсаңыз болот.
Эгерде сиз эндокринологдун көзөмөлүндө болуп, гормондоруңузду нормада алып жүрсөңүз албетте төрөй аласыз.
Эндокринолог Чолпон Муратова менен @cholponendokrinolog инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.