Ломбарддагылар "ичи жез браслет койдуң" деп үстүмөн милицияга арыз жазышты
Саламатсызбы! Мен беш жыл мурун бир ломбарддан алтын браслет алгам. Ал ломбард азыр жок экен. Үч ай мурун акча керек болуп, браслетти башка ломбардка койгом. Убагында акчасын төлөй албай калдым. Анан ломбарддагылар браслетти жакшылап карашса, сырты алтын, ичи жез экен. Мен билген эмесмин. Эми алар үстүмөн милицияга арыз жазышты. Эми эмне кылам? Эки кичинекей балам бар, батирде турам. Кабатыр болуп, айла таппай жатам.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алган акчаңызды бергенге аракет кылыңыз. Сиздин аракетиңизде кылмыштын курамы жок деп эсептейм. Себеби ломбарддын кызматкерлери алтын браслетти өздөрү текшерип, кандай болсо ошондой кылып алган. Ошондой эле, белгилеп кетчү бир жайдай бар, мындай иш менен сизди эч ким камакка албайт. Эң негизгиси акча таап, карызыңды төлөп коюңуз.