Онго чыккан бала намаз окуса болобу? Адис жооп берет
2020.11.16, 12:22
1974
Саламатсызбы! 10 жаштагы бала намаз окуса болобу? Деги эле жаш балдар канча жашынан баштап намаз окуш керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.11.2020, 12:23
Бактияр ажы Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Намаз балакатка жеткенде окуп башталат. Ага чейин намаз окууга үйрөтүп, чакырып турса болот. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) "балдар жети жашка толгондо намаз үйрөтө баштагыла" деп айткан. Демек, намазды балакатка жеткенден баштап окуу парз болуп эсептелет. Балакатка жеткенде эмес, кийин окуса мурунку жылдар каза болуп эсептелбейт. Мажбурлап намаз окутууга эч кимде укук жок, намаз ар бир кишинин өз каалоо-ыктыяры менен аткарылышы керек.
0
Пайдалуу жооп