Чарчап калган баламдын кийимдерин өрттөй албай жатам. Эмне кылсам болом?
2020.11.11, 12:19
2532
Жакында балам рак оорусунан чарчап калган эле. Кийимдери, оюнчуктары бары турат. Буюрса балалуу болсок колдоном деп сактап койгон элем. Кээ бирөө таратып бер десе, айрымдары өрттөп салуу керектигин айтат. Таратканда деле кийгизбейт го ооруган баланыкын деп ойлосом, өрттөгөнгө кол барбайт. Негизи кандай кылган туура?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.11.2020, 13:05
Бактияр Токтогазиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Эгер балалуу болом деп жатсаңар кийимдерди жана оюнчуктарды сактап койсоңор болот. Аларды өрттөп салбаш керек. Эгер бирөөгө бере турган болсоңор, муктаж болгон адамдарга таркатсаңар сооп аласыңар. Бул жерде эч кандай ырым-жырым, тыюулар жок.
0
Пайдалуу жооп