Азыр мектепте китепке аренда төлөнөбү? Адис жооп берет
2020.10.16, 11:22
1723
Саламатсызбы! Мектепте китептин арендасы барбы? Аренда төлөш керепи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.10.2020, 11:34
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жыл сайын мектептерде ижарага бериле окуу китептердин тизмеси бекитилет.
Министрликтин буйругу менен, 2020-2021-окуу жылына бир окуу китебинин ижара акысы 25 сомду түзөт, ал окуу жылына бир жолу төлөнөт.
Окуу китептерин кандай окуучулар бекер алат:
- 5 же андан көп балалуу үй-бүлөлөрдөн;
- Социалдык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн;
- Ата-энесинин бири же экөө тең 1-2-топтогу майып болгон үй-бүлөлөрдөн;
- Толук эмес ата-энелерден;
- Аскер кызматы үчүн жооптуу үй-бүлөлөрдөн, аскердик же кызматтык милдетин аткарууда каза болгон же майып болуп калган укук коргоо органдарынын кызматкерлери;
- Жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- Майып балдар.
Мындан тышкары, 3-4 балалуу үй-бүлөлөр китептин ижара акысын 50% арзандатуу менен төлөшөт.
Мындан тышкары, окуу китептерин ижарага алуу боюнча бардык материалдар www.kitep.org.kg сайтында жайгаштырылган.
0
Пайдалуу жооп