Күйөөм экөөбүз ЗАГС албай, нике кыйып жашаганбыз. Эми алимент өндүрө аламбы?
2020.10.05, 15:51
1055
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз ЗАГС алган эмеспиз, нике кыйып эле жашап жатканбыз. Эки балабыз бар. Жакын арада эки жарым жолго түштүк. Балдарыма алимент сурай аламбы? ЗАГС жок арызымды кабыл алышабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.10.2020, 16:04
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Ажырашкан жубайлардын ортосунда ЗАГС жок болсо да, алимент өндүрсө болот. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылса, өзүңүз жашаган аймактагы сотко, алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылыңыз. Графада күйөөңүздүн аты-жөнү көрсөтүлбөгөн учурда дагы, сотко доо арыз жаза бериңиз.
0
Пайдалуу жооп