Эки жылдан бери паспорт алалбай жатам. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 35 жаштамын, Казакстандын Мерке шаарында 1985-жылы, 28-апрелде төрөлгөм. Ата-энем ажырашканда мен үч айлык болчу экенмин. Кара-Балтада окудум, жакында балалуу да болдум. Паспорт боюнча Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын паспорт столуна кайрылгам. Керектүү кагаздын баарын бергем. Жакында эки жыл болот, жылыш жок. Ал жакта ата-энем жашайт. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Жазуу түрүндө көйгөйүңүздү баяндап, аларга арыз менен кайрылып, сиздин ишиңиз боюнча кандай жыйынтык болгону жөнүндө маалымат сурап кайрылыңыз. Анткени алар эки жыл өздөрүндө сиздин документтерди кармап турушпайт. Бул жагдайды тактагандан кийин эмне кылуу керек экендиги белгилүү болот.