Боюмда бар, бирок эч жерим оорубайт. Кандай учурда бейтапканага барышым керек?
2020.08.21, 12:27
1207
Саламатсызбы! Менин үч айлык боюмда бар. Бул биринчи балам. Ичим, белим оорубайт. Өзүмдү жакшы эле сезип жүрөм. Бирок, ар нерсени ойлоп коркуп жатам. Сурайын дегеним, кандай белгилер болгондо бейтапканага дароо барышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.08.2020, 12:28
Эльмира Чойбекова
акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Бул белгилер пайда болгондо, дароо жакын арадагы төрөт үйүнө кайрылыңыз. Кан аралашкан суюктуктун бөлүнүп чыгышы, амниотикалык суюктуктун агуусу, тынымсыз баш оору, баш айлануу, көрүүнүн начарлоосу, бет же курсактын күтүүсүздөн шишүүсү, тарамыштын тартышуусу, температуранын көтөрүлүүсү, ичтин катуу ооруусу.
0
Пайдалуу жооп