Күйөөм менен ажырашайын деп жатам. Бул үчүн кандай документтер керек?
Саламатсызбы! Мен күйөөм менен ажырашайын деп жатам. Кайда кайрылам жана кандай документтер керек? ЗАГСты Ак-суу районунан алганбыз. Ошол жакка арыз калтыруу керекпи же башка райондон берсем болобу? Эки балабыз бар, улуусу күйөөмдө, кичүүсү менде. Ошондо күйөөм балама алимент төлөбөй калабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биз эч бир үй-бүлө бузулбай, бактылуу болуусун каалайт элек. Бирок, мындан ары үй-бүлө болуп жашоого мүнкүнчүлүк жок болсо, анда, силер сот тартибинде ажырашасыңар. Өзүңүз же жолдошуңуз жашаган аймактагы сотко никени бузуу жөнүндө доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Ал эми алимент маселеси боюнча, ажырашуу учурунда сотко өтүнүч менен кайрылып, алимент белгилеп берүүсүн сурансаңыз болот.