Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Менин банктагы эсебимде акчам бар болчу. Алайын десем, паспортумдун мөөнөтү 30-апрелде бүтүп калган. Алмаштырайын десем паспорт бөлүмдөрү 21-майдан кийин иштейт экен. Эмне кылсам болот?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик аттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Сиз ЧП жана ЧС режими киргизилбеген районго барып, (мисалы Кант же Кара-Балта шаарларына) паспортуңузду жаңыртып алсаңыз болот. Ал эми Бишкектеги Калкты тейлөө борборлору өзүңүз белгилегендей 21-майдан тартып иштейт.
Андан тышкары учурда мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор боюнча чет элдик жарандарды каттоо долбоору каралып жатат. Ал жарыяланары менен массалык маалымат каражаттарына билдиребиз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.