Кайын энем паспортумду бербей жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 3 жыл мурда жолдошум менен ажырашып кеткем. Себеби кайын энем жашатпай койду, таң атпай туруп кол көтөрөт эле. Түндөсү эки баламды алып качып кеткем. Андан кийин жолдошум чет өлкөгө кетип калды. Эми кайын энем ID картымды жана жарандык паспортумду, балдарымдын күбөлүгүн бербей жатат. Кантип алсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Сиз жашаган жери боюнча аймактык тескөөчү милиция кызматкерине барып, окуя тууралуу айтыңыз. Милиция жергиликтүү башкаруу органдарына же "домком", "квартальныйга" билдирип, алар кайын энеңиз менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп көрөт. Эгер ошондо дагы кайын энеңиз документтериңизди берүүгө макул болбосо, анда мыйзам чегинде чара көрүлөт.