Ден соолугума байланыштуу “укол” алдым, баланы эмизе берсем болобу?
Саламатсызбы. Ден соолугума байланыштуу 10 күн мускомед, артрокол деген “уколдорду” алдым. Балам 1,5 жашта, эмизем. Бирок врач эмизбе деп айтты. Ийне алып бүткөндөн кийин эмизе берсем болобу? Доктурдун өзүнөн сурасам так жооп берген жок. Бербей коеюн десем, ыйлап сурап жатат. Тамак ашты жакшы жебейт. Жооп бериңизчи сураныч.
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Аталган препараттарды алып жатканда баланы эмизүүгө тыюу салынат, себеби алар лактацияга терс таасирин тийгизет. Ийне алып бүткөндөн кийин 2-3 күн өткөрүп кайра эмизе берсеңиз болот.
Бирок доктур менен байланышып тактап сурап алганыңыз оң болот. Балким, ал терапияны дагы улантып, дагы дары жазып берүүнү пландаган? Ошондон улам эмизүүгө уруксат берген жок.
Ден соолукта болуңуз!