Кош бойлуу аял каттоого турганда күйөөсү экөө ВИЧке анализ тапшырабы?
2020.03.23, 13:00
1546
Саламатсызбы! Кош бойлуу аялдар каттоого турганда күйөөсү экөө ВИЧке анализ тапшыруу керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2020, 13:05
Эльмира Чойбекова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! ВИЧке анализ тапшыруу өз ыктыяры менен болот. Бирок, аял өзү үчүн тапшырып койсо жакшы болот. Анализ тапшыруу кош бойлуу айымга акысыз. ВИЧ статус чыкса, дарылоо кош бойлуу кезинде жүргүзүлөт. Дарыларын бекер алат. Төрөө жолдорун алдын ала пландап, эмчек эмизүү жөнүндө маалымат берилет. Өзүнүн статусун билип коюнун эч кандай жаман нерсеси жок.
0
Пайдалуу жооп