Эки балама жөлөкпулга документ тапшырсам албай коюшту
Саламатсызбы! Мен эки балама жөлөкпул алсам болобу? Учурда кайын энем менен чогуу жашайбыз. Өзүнчө бөлүнөлү деп там салып жатабыз. Жөлөкпулга документ тапшырсам албай койду. Себеби Бишкекке там салганга акча табалы деп иштегени келгенбиз. Кызматкерлер "Бишкекте жашайсыңар, силерге чыкпайт" деп жатышат. Эмне кылсак болот? Негизи айылда эле турабыз, шаарга бир-эки айга эле келгенбиз.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
КРнын жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамына ылайык, бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзам боюнча жаран факт жүзүндө жашаган жеринен жөлөкпулга документ тапшыра алат. Айылда жашаса айылдан, эгер Бишкек шаарына иштегени келсеңер, андан шаардан. Ошол эле мезгилде жөлөкпул ала турган балдар ата-энеси менен чогуу турушу керек.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990603030 WhatsApp номерине жазыңыз.