Атасы жок балдарга айына 1000 сом берилет деген чынбы?
Саламатсызбы! Атасы жок балдарга ай сайын 1000 сом берилет деп уктум эле. Ушул нерсе чынбы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Ата-энесинин бирөөсү же экөө тең каза болгон учурларда, үй-бүлөнүн кирешесин эске албастан туруп багуучусунан ажырагандыгы боюнча социалдык жөлөкпулдар чектелет. Бала 18ге толгонго чейин, же болбосо жогорку окуу жайларда окуса 23кө чыкканча мамлекет тарабанын колдоо максатында, бир багуучусунан ажыраса 1000 сом, эки багуучусунан тең ажыраса 2000 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул дайындалат.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.