Күйөөм үч талакты кат аркылуу жибериптир. Кайра чогуу жашаганга жол барбы?
Саламатсызбы! Кайын энем бизди жашаттырбай койду. Ортодо 10 айлык балабыз бар. Мага күйөөм ушинтип жазып жибериптир. Жолдошумду жакшы көрөм. Эми кайра чогуу жашаганга жол барбы?
Кадыр Маликов
Теолог
Ханафиттик масхабга ылайык бул үч талак жарактуу. Алар мындан ары аял-күйөөсү эмес, толугу менен жарышты, артка кайтууга жол жок болуп эсептелет. Себеби талак өз колу менен жазылган, жазуу түрүндө документтештирилген. Ал эми башка масхабдарга ылайык, айталы, шафииттик, ханбалиттик масхабдар боюнча мындай үч талак бир талак болуп саналат. Бул учурда, күйөөсү аялын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар.
Бул сыяктуу көйгөйлөрдү так чечүү үчүн, жубайлар эмне себептен урушкан, кат качан жазылган, никени калыбына келтирүү ниети барбы же жөн гана оюнбу такташ керек. Ар бир үй-бүлөнүн маселеси индивидуалдуу каралат, андан кийин өкүм чыгарылат. Жалпысынан ханафиттик масхабга ылайык үй-бүлөнү калыпка келтирүү мүмкүн эмес. Эгер алар мамилесин калыбына келтирүүнү чечишсе, күйөөсү аялы менен муфтиятын фатва бөлүмүнө кайрылуусу керек.