Лайфхак: мобилдик шылуундардан кантип коргонуу керек
2020.02.10, 10:30
924
MegaCom компаниясы өз абоненттерине мобилдик шылуундардан кантип коргонуу керек экени жөнүндө айтып берет. Пайдалуу кеңештерди төмөндөн окуңуз.
- Тиркемелерди Play Market/Apple Store сыяктуу расмий дүкөндөрдүн булактарынан жүктөңүз.
- Активация коду менен SMS алсаңыз (же MegaCom компаниясынын ар кандай башка маалыматтарды), кандай болсо да эч кимге айтпаңыз. Коддун конфиденциалдуулугу - балансыңыздагы каржаттардын коопсуздугу.
- Белгисиз номерлерден келген жардам суроо өтүнүчүнө ишенбеңиз, өзгөчө дос-туугандарыңыздан атынан дегендерге. Мындай учурларда алгач алар менен байланышып, чынында эле жардамга муктажбы же жокпу сураңыз.
- Шектүү чакыруу алсаңыз, чалган адамдын номерин сактап коюп, бизге кат аркылуу маалымдаңыз же 8686 сандарын терип, MegaCom компаниясынын колдоо бөлүмүнө байланышка чыгыңыз.
- Эгер алдамчыларга активизация кодун айтып алсаңыз жана алар балансыңыздан каражаттарды алып койсо, капчыкты блокко салуу боюнча бул шылуундук факт тууралуу 8686 номерине билдирүү жасаңыз.
Сак болуңуз жана смартфонуңузду болушунча коргоңуз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.