Кош бойлуулугумду токтотком, дагы деле кан кетип жатат. Коркунучу жокпу?
Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын боюмда бар болчу. УЗИге барсам, 2 айынан тартып өспөй калган деп, тазалашты. Тазалатканыма 12 күн болуп калды. Дагы деле кан келип жатат. Коркунучу жокпу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Курсактагы түйүлдүк өспөй калганда, жатында сезгенүү пайда болуп, кандын ую системасынын бузулуу коркунучу жогорулайт. Мунун айынан узак убакытка чейин кан кете бериши мүмкүн.
Адатта тазалатуу процесси жасалгандан кийин доктурлар антибиотиктерден турган дарылоо курсун жазышат. Бир жумадан кийин жатында калдыктардын бар-жогун текшерүү үчүн дагы бир жолу УЗИге түшүрүшөт.
Эгер УЗИ жатын көңдөйү бош экенин көрсөтсө анда, кан бир канча убакытка чейин аз-аздан келе берет. Башкысы көп кан кетпеши керек.
Эгер бир сааттын ичинде эки же андан көп “прокладка” алмаштырсаңыз, мындай көрүнүш бир сааттан ашык кайталанса, өтө көп кан кетип жаткан болуп саналат, башкача айтканда “кровотечение”. Дароо сизди тазалаган клиникага же доктурларга кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!