Тишимди жуусам эле канай берет, эмнеге? Стоматолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен тишимди жууган сайын канай берет. Андан тышкары оозум жыттанат. Себеби эмнеде болушу мүмкүн?
Нуржамал Канатбековна
“Matis Dent” клиникасынын адиси, стоматолог
Саламатчылык. Тиштин бүлөсү сезгенип калган учурда улам-улам канай берет. Анын негизги себептери төмөнкүлөр:
- организмде витаминдердин жетишсиз;
- зат алмашуу процессинин бузулган;
- кан айлануу процессинин бузулган;
- туура эмес тамактанган;
- ооз көңдөйүнүн гигиенасын тиешелүү деңгээлде сакталган эмес, ж.б.
Бүлөлөр улам канаган сайын оозду чайкап, түкүрүп салабыз. Бирок, кандын бир аз бөлүгү тиш менен бүлөнүн ортосунда калат, ал биз ичкен тамак аштын калдыктары менен аралашып, бир нече саатта ачып-кычып, жагымсыз жытты пайда кылат.
Ошондой эле, ооздон чыккан жыттын башка да себептери болушу мүмкүн. Маселен, ашказан оорулары да ушундай жыйынтыкка алып келет. Эмнеси болсо да, терапевтке андан кийин тиш доктурга кайрылып көрүңүз.
Тишти күнүнө эки маал: эртең менен жана кечинде тазалап турууну унутпаңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.