ЗАГСыбыз Россияныкы. Балдарга жөлөкпул алсак болобу?
Саламатсызбы! Эки балама жөлөкпул алсам болобу? Бирок биздин ЗАГСыбыз Россияныкы. Бул нерсе эске алынабы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Мамлекеттик жөлөкпул Кыргыз Республикасынын аймагында ата-энеси, камкорчусу жана асырап алган адамы менен чогуу жашаган балдарга, үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелет. Негизинен жөлөкпул чектөөдө ата-эненин нике тууралуу күбөлүгү мааниге ээ эмес, баланын же арыз берүүчүнүн жарандыгы эске алынат. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, социалдык төлөмдөрдү төлөө чөйрөсүндөгү эл аралык келишимге кол койгон мамлекеттин жарандарынын балдарына да жөлөкпул чектелет. Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.