Мектеп директору хиджаб кийгени үчүн мугалимди жумуштан кетире алабы?
Саламатсызбы! Хиджаб кийгени үчүн мугалимди мектеп директору жумуштан кетиргенге акысы барбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы болгон Конститутцияда, ар бир адамга дин тутуу эркиндиги берилген. Хиджаб кийүү ал адамдын диндик көз карашын билдирүү болуп саналат. Бул үчүн мектептен кетирүү туура болбойт. Окуя кайсы мектепте болуп жатканын так жазып, жагдайды толук сүрөттөп, редакцияга номериңизди калтырсаңыз, кененирээк маалымат берүүгө аракет кылам.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын Конститутциясына ылайык, Кыргызстанда светтик билим берүү. Ага ылайык, мугалимдерге классикалык стилдеги кийимдер сунушталган. Мугалимдерди жалдоо жана жумуштан бошотуу укугу директор тарабынан жүргүзүлөт.