“Уздечка” дегенди кестирип койсо бел суу кеч түшөт деген чынбы? Урологдун жообу
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, менин жыныс мүчөм өйдө карап турат. Кошулганда бел суум бат эле түшүп калат. Интрнеттен окусам жыныс мүчөнүн башында “уздечка” болот экен, ошону кестирип койсо кеч түшүп калат дейт. Ошол чынбы? Кыргызстанда ушундай операция жасалабы?
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатчылык. Негизи сиз айтып жаткан нерсе - Пейрони оорусу (болезнь Пейрони) деп аталат. Пейрони оорусу – эркектин жыныстык мүчөсүнүн кыйшык болуусу, айрым учурларда эрекция болгондо оорксунууну пайда кылат. Көбүнчө бой жетип калган эркектерде пайда болот. Бүгүнкү күнгө чейин так себептери белгисиз, бирок урологдордун божомолдооруна ылайык травма, жаракат алуу (жыныстык катнаш учурунда деле болушу мүмкүн) – деп айтылат.
Ал эми себеби “уздечка” (кертмектин жүгөнчөсү) болсо анда аны кестирип койсо болот. Аны кестирип кою көйгөй жаратпайт. Каалаган уролог же хирурга кайрылсаңыз бат эле жасап беришет. Баасы болжол менен 1000-2000 сомдун тегереги.
Бел суунун эрте түшүүсүнө “уздечка” эле эмес башка факторлор да себеп болушу мүмкүн. Аны аныктоо үчүн урологго кайрылып, анализ тапшырыңыз.