Беш айлык кызым менен ажырашсам күйөөм канча алимент төлөйт?
Саламатсызбы! Менин 5 айлык кызым бар. Учурда ата-энемдин колундамын. Эгер ажырашсам канча алимент бөлүнүп чыгат? Күйөөм чач тарачта иштейт.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 86-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, "Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо жашы жетпеген балдарга алименттер алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндө өндүрүлөт" деп көрсөтүлгөн.
Ушул эле кодекстин 94-беренесинин 1-бөлүмүндө, "Жубайлар бири-бирин материалдык жактан колдоого милдеттүү" деп айтылган. Андан сырткары, ушул 94-берененин 2-бөлүгүндө, "Мындай колдоо көрсөтүүдөн баш тарткан жана алимент төлөө жөнүндө жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда бул үчүн тиешелүү каражаты бар башка жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна - ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган жубайы ээ" деп жазылган.
Демек, сиз кызыңыз үчүн жана кызыңызды үч жыл бою багууну жүзөөгө ашыргандыгыңыз үчүн өзүңүзгө алимент өндүрүүгө укугуңуз бар. Бирок, мүмкүнчүлүк болсо, ажырашпай койгонуңар туура деп эсептейм. Кээде жубайлар бири-бирини кадырына жетүү үчүн убакыт талап кылынат. Бул нерсенин баарына практикамда күбө болгом.