Тандаган кесибиме кызыкпай калдым. Башка университетке которулсам болобу?
2019.10.21, 09:18
884
Саламатсызбы! Азыркы учурда КУУда 1-курста окуйм. Тандаган кесибиме кызыкпай калдым. Башка университетке, өзүм каалаган адистикке которулсам болобу же бир жыл күтүшүм керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.10.2019, 09:20
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Сиздин маселеңизди окуу жайыңыздын ректораты чечип берет. Сиз ошол жакка барып кайрылыңыз. Эгер сиз каалаган окуу жайда орун бар болсо, которулууну каалаган адистигиңиз менен азыркы окуп жаткан кесибиңиз ортосунда предметтик айырмачылыктар жок болсо, бир жыл күтпөй эле, которулса болот. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп