Биринчисин даары менен түшүргөм, экинчисин да ошентсем, зыян эмеспи?
Кош бойлуумун 6 жума болуп калыптыр. Биринчисин даары менен түшүргөм, бул баланы да атасы кое тур деп жатат. Врачка барсам, инфекция бар, төрөй албайсың, деди. Учурда токсикоз болуп, төшөктөн тура албай калдым.
Ошого карабай төрөгүм келет. Бирок бала оорулуу болуп калбайбы? Кайра даары менен түшүрсөм, кийин кандай болот? Төрөй аламынбы?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Төрөйм же төрөбөйм деген чечимди аял өзү кабыл алат. Бир эскертип кое турчу жагдай, кандай болбосун аборт - бул аялдын ден соолугу үчүн тобокелдик. Кийин залакасы тиет же тийбейт деп бир дагы дарыгер сизге кепилдик бербейт.
Ал эми токсикоз катуу болуп, кыйнап жатса, бул абалды жойгон же болбосо кыйла жеңилдете турган препараттар бар.
Канткен күндө да гинекологго көрүнүп, генетиктин консультациясын алып, андан кийин бир бүтүмгө келиңиз.
Ден соолукта болуңуз!